Turmush — Бүгүн, 13-мартта Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы унаа кырсыктан 2 адам каза болду. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 07:20 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 386-чакырымында «ДАФ» үлгүсүндөгү бензовоз менен «Хендай Соната» үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышкан. Кырсык болгон жерде «Хендай» унаасында бара жаткан кыз каза болгон. Ал эми айдоочу жигит оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Бирок алган жаракаттарынан улам ал дагы көз жумган.
Текшерүү учурунда бензовозду Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 1977-жылы туулган К.М. башкарып бара жатканы аныкталган. «Хендай» унаасын Бишкек шаарынын 1996-жылы туулган тургуну С.К. айдап бара жаткан. Каза болгон кыз Кара-Көл шаарынын 2008-жылы туулган тургуну Б.А. болгон.
Учурда бул факты боюнча текшерүү иштери жүрүүдө.